# 116-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларынын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 116-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-116

---

Адамдын оорусунун мүнөзүн жана оордугун, ошондой эле ушул Кодексте каралган жасалган жосундун оордугун, жин оорусу менен ооругандын өзү үчүн же башка адамдарга коркунуч келтирүү даражасын эске алып, сот медициналык мүнөздөгү төмөнкүдөй мажбурлоо чараларын колдоно алат:

1) мажбурлоо тартибинде амбулатордук психиатриялык жардам көрсөтүү (мажбурлап диспансерлештирүү);

2) адаттагыдай байкоо менен психиатриялык мекемеге жаткыруу;

3) күчөтүлгөн байкоо менен психиатриялык мекемеге жаткыруу;

4) катуу байкоо менен психиатриялык мекемеге жаткыруу.

---

Мурунку берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-115)  
Кийинки берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-117)
