# 115-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулуучу адамдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 115-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-115

---

Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары сот тарабынан төмөнкүдөй адамдарга колдонулушу мүмкүн:

1) ушул Кодексте каралган укукка каршы жосунду акыл-эси соо эмес абалда жасаган;

2) акыл-эси чектелген абалда кылмыш жасаган;

3) кылмышты акыл-эси соо абалда жасаган, бирок өкүмдү чыгарганга чейин же жазаны өтөп жатканда жин оорусу менен ооруган же убактылуу психикасы бузулган.

---

Мурунку берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-114)  
Кийинки берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-116)
