# 112-берене. Жаза өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 112-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-112

---

1. Он сегиз жашка чейинки куракта жасаган кылмышы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга ушул Кодекстин 88-беренесинин 2, 4-бөлүктөрүндө жана 90-беренесинде каралган шарттарда жана тартипте жаза өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулушу мүмкүн.

2. Жаза өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы бала иш жүзүндө төмөнкүлөрдү өтөгөндөн кийин колдонулат:

1) анча оор эмес кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн бирин;

2) оор кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтөн бирин;

3) өзгөчө оор кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде жарымын.

---

Мурунку берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-111)  
Кийинки берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-113)
