# 110-берене. Пробациянын укуктук натыйжалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 110-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-110

---

1. Пробациялык мөөнөтү аяктаганда, өзүнө жүктөлгөн пробациялык милдеттерди аткарган жана жаны кылмыш жасабаган он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы соттолгон бала жазаны өтөгөн болуп эсептелет.

2. Эгерде соттолгон он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы бала өзүнө жүктөлгөн пробациялык милдеттерди жүйөсүз себептер менен бузса, анда пробация органынын сунушу боюнча сот пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарат жана аны дайындалган жазаны өтөө үчүн жөнөтөт.

3. Соттолгон он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы бала пробациялык мөөнөттүн ичинде жаны кылмыш жасаган учурда, сот пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарат жана ага ушул Кодекстин 78-беренесине ылайык жаза дайындайт.

4. Эгерде пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүнүн жарымы өткөнгө чейин он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы соттолгон бала пробациялык көзөмөлдүн шарттарын ак ниеттүүлүк менен аткарса, оңолуу жана кайра социалдаштыруунун оң натыйжаларына жетишсе, кылмыш аркылуу келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтурса, сот пробация органынын сунушу боюнча пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгара алат. Мында белгиленген пробациялык мөөнөттүн жарымынан кем эмеси өткөндөн кийин пробациялык көзөмөл жокко чыгарылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-109)  
Кийинки берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-111)
