# 109-берене. Балага карата пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 109-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-109

---

1. Эгерде сот анча оор эмес жана (же) оор кылмыштар үчүн жаза дайындоодо күнөөлүүнүн ким экендигин, ошондой эле иштин башка жагдайларын эске алып, он төрт жаштан ок сегиз жашка чейинки курактагы соттолгон баланы ушул Кодекстин 83-беренесинде каралган пробациялык милдеттерди жүктөө менен жаза өтөөсүз эле ондоо мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келсе, анда ал пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.

2. Пробациялык мөөнөттүн ичинде сот ушул Кодекстин 83-беренесинде аныкталган тартипте он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы соттолгон бала үчүн мурда белгиленген пробациялык милдеттерди толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгара же болбосо толуктай алат.

3. Пробациялык көзөмөл алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө белгиленет.

---

Мурунку берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-108)  
Кийинки берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-110)
