# 103-берене. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдарга карата колдонулуучу жазалардын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 103-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-103

---

1. Кылмыш жасаган он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдарга жазалардын төмөнкүдөй түрлөрү гана дайындалышы мүмкүн:

1) коомдук иштер;

2) айып;

3) эркиндигин чектөө;

4) түзөтүү жумуштары;

5) эркиндигинен ажыратуу.

2. Эгерде пробациялык көзөмөл дайындалган он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы соттолгон бала, пробациялык мөөнөттүн ичинде өзгөчө оор болуп саналбаган жаңы кылмыш жасаса, сот иштин жагдайын жана күнөөлүүнүн ким экендигин эске алуу менен пробациялык мөөнөттү колдонуу жөнүндө чечимди кайрадан кабыл ала алат, жаңы пробациялык көзөмөлдү белгилей жана ушул Кодекстин 83-беренесинде каралган пробациялык милдеттерди аткарууну соттолгон адамга жүктөйт.

---

Мурунку берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-102)  
Кийинки берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-104)
