# 102-берене. Балага жаза дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 102-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-102

---

1. Балага жаза дайындоодо ушул Кодекстин 72-беренесинде каралган жагдайлардан тышкары, анын жашоо жана тарбия шарттары, психикалык өнүгүшүнүн деңгээли, инсандык башка өзгөчөлүктөрү, ошондой эле ага курагы боюнча жашы улуулардын таасири эске алынат.

2. Жеңилдетүүчү жагдай катары баланын курагы жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу башка жагдайлар менен бирге чогуу эске алынат.

---

Мурунку берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-101)  
Кийинки берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-103)
