# 101-берене. Эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 101-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-101

---

1. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балага төмөнкүлөргө тыюу салынышы мүмкүн:

1) белгилүү бир жерлерге барууга;

2) белгиленген убакыт ичинде турак жайдак кетүүгө;

3) белгилүү бир адамдар менен баарлашууга;

4) эс алуунун белгилүү бир формаларын пайдаланууга.

2. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага төмөнкүлөр тапшырылышы мүмкүн:

1) билим берүү мекемесинде окуусун улантууга;

2) сот тарабынан белгиленген мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жардамы менен жумушка орношууга.

3. Ушул беренеде каралган тыюу салуулардан жана милдеттерден тышкары сот өзүнүн каалосу боюнча он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы баланын жүрүм-турумун башкача түрдө чектей алат.

4. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балага, эгерде белгиленген тыюу салууларды жана милдеттерди аткарбаса, ага карата тарбиялык мүнөзүндөгү катуураак мажбурлоо чарасы же кылмыш жазасы колдонулары тууралуу алдын ала эскертилет.

5. Соттолгон адам үчүн сот тарабынан белгиленген эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасынын мөөнөтүнүн жарымы бүткөндө, кылмыш-жаза-укуктук таасир этүү чарасынын шарттарын ак ниеттүүлүк менен аткарган учурда, оңдолгондугу жана кайра социалдаштыруунун оң натыйжаларына жетишкенде, кылмыш аркылуу келтирилген зыяндын ордун толук толтурганда, пробация органы эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө мажбурлоо чараларын жокко чыгаруу жөнүндө сотко сунуш жиберүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-100)  
Кийинки берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-102)
