# 100-берене. Эскертүү менен көзөмөлдүүгө өткөрүп берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 100-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-100

---

1. Эскертүү менен көзөмөлдөөгө өткөрүп берүү он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы баланын жүрүм-турумун көзөмөлдөө боюнча милдеттерди ата-энеге же аларды алмаштырган адамдарга же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөөнү билдирет.

2. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы бала, эгерде көзөмөлдөө мезгилинде бузууларды жасаган болсо, ага карата тарбиялык мүнөзүндөгү катуураак мажбурлоо чарасы колдонула тургандыгы жөнүндө эскертилет.

---

Мурунку берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-99)  
Кийинки берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-101)
