# 1-берене. Кылмыш-жаза мыйзамы, анын максаттары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112309)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112309/edition/1283352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112309/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, 1-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-1

---

1. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамы ушул Кодекстен турат, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясына, эл аралык укуктун жалпы таанылган кабыл алынган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизделет.

2. Кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган башка мыйзам актылары ушул Кодекске киргизилгенден кийин колдонулууга жатат.

3. Ушул Кодекстин максаттары инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, менчикти, коомдук тартипти, коомду, мамлекетти, айлана-чөйрөнү, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн кылмыштуу кол салуулардан коргоо, адамзаттын тынчтыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштардын алдын алуу жана кылмыштан бузулган адилеттүүлүктү калыбына келтирүү болуп саналат.

4. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин милдеттери кылмыш-жаза жоопкерчилигинин принциптерин, Кылмыш-жаза жоопкерчилигинин негиздерин, кылмыштын жалпы түшүнүгүнүн белгилерин, кылмыш деп таанылган, коомго коркунучтуу жосундардын чөйрөсүн, кылмыш жасаган адамдарга карата колдонулуучу жазалардын түрлөрүн жана кылмыш-жаза-укуктук мүнөздөгү башка чараларды аныктоо болуп саналат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112309/st-2)
