# 99-берене. Кылмыш жасаган адамдарды кармоо укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 99-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-99

---

1. Жабырлануучуну кошуп алганда, кандай гана болбосун жеке жак шектүүнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү же болбосо жеткирүү, ошондой эле алардын башка кол салуусуна бөгөт коюу максатында бардык жеке жак кылмыш жасаган адамды кармоого, анын эркин жүрүшүн чектөөгө укуктуу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, ал каршылык көрсөтсө, кармалган адамга карата Кылмыш-жаза кодексинин 49-беренесинде каралган чектерде күч жана башка каражаттар колдонулушу мүмкүн. Эгерде кармалган адамда кылмыш иши үчүн мааниси бар курал жана (же) башка коркунучтуу буюмдар бар деп болжогонго негиз болгон учурларда аны кармаган жаран андан болгон буюмдарды алып коюуга укуктуу жана шектүүнү кармап алып кеткен же өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кийин өткөрүп бериши керек.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-100)
