# 96-берене. Кармоонун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-96>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-96.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 96-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-96

---

1. Кылмышты жасоого шектелгенди кармоо - бул кылмыштын алдын алуу, кармалгандын кылмышка катыштыгын билүү максатында, кийинкиге калтырууга мүмкүн болбогон учурларда тергөөчү тарабынан колдонулган адамдын ары-бери жүрүү эркиндигинен кыска мөөнөткө иш жүзүндө ажыратуу.

2. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалышы мүмкүн болгон кылмышты жасаган учурда, төмөнкү негиздердин бири бар болсо, тергөөчү адамды шектүү катары кармоого укуктуу:

1) жак кылмыш жасап жаткан учурда же ал жасалгандан кийин түздөн-түз кармалган учурда;

2) кылмыш жасаганды көрүп калган адамдар, ошондой эле жабырлануучу кылмыш жасаган жакты түздөн-түз көрсөткөндө;

3) эгерде шектүүдө же анын кийиминде, жанында же турак жайында кылмыштын даана издери табылганда.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, кылмыштарды жасоодо шек саноо боюнча адамды кармоо, ал кайсы кылмышты жасоодо шек саналгандыгын шектүүгө жарыялоо үчүн атайын тергөө же болбосо жетиштүү тергөө аракеттеринен кийин жүргүзүлөт.

4. Издөө жарыяланган айыпталуучуга карата, ал кармалган учурда ушул Кодекстин 97-беренесинде каралган тартипте кармоо жөнүндө токтом түзүлөт жана ушул Кодекстин 102-беренесине ылайык кабарлоо жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-95)  
Кийинки берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-97)
