# 95-берене. Преюдиция

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 95-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-95

---

1. Мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм, ошондой эле маңызы жагынан чечүүчү иш боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген башка чечими белгиленген жагдайлар боюнча бардык мамлекеттик органдар, уюмдар үчүн, ошондой эле өкүм, чечимдер чыгарылган адамдарга карата укуктук баа берүү жагынан да жарандар үчүн милдеттүү. Ушул жобо апелляциялык жана кассациялык тартипте соттун өкүмүн жана башка чечимдерин текшерүүгө, жокко чыгарууга жана өзгөртүүгө, жаңыдан жана кайтадан ачылган жагдайлар боюнча иш жүргүзүүнү кайра баштоого тоскоолдук кылбайт.

2. Жарандык сот өндүрүшүнүн же укук бузуулар сот өндүрүшүнүн алкагында кабыл алынган, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими кылмыш иши өндүрүшүндө турган орган үчүн окуянын өзү же аракеттин болгондугу жөнүндө маселе боюнча гана милдеттүү болот жана айыпталуучунун күнөөлүү же күнөөсүздүгү жөнүндө тыянакты алдын ала чыгарууга тийиш эмес.

3. Материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу жөнүндө маселе чечилген соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү сот үчүн бул бөлүктө кылмыш-жаза өндүрүшүнүн тартибинде чечилбеген маселелер бөлүгүндөгү жарандык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө иштерди кароодо милдеттүү болот.

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-96)
