# 94-берене. Далилдөө процессиндеги илимий-техникалык каражаттар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 94-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-94

---

1. Иш боюнча далилдөө процессинде илимий-техникалык каражаттар өндүрүшүндө иш турган орган тарабынан, анын ичинде адвокаттын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ушул Кодексте каралган процессуалдык милдеттерди аткарууда эксперт жана адис тарабынан пайдаланылышы мүмкүн.

2. Өндүрүшүндө иш турган орган тарабынан илимий-техникалык каражаттарды пайдаланууда көмөк көрсөтүү үчүн адис тартылышы мүмкүн.

3. Илимий-техникалык каражаттарды колдонуу жол берилет деп таанылат, эгерде алар:

1) ушул Кодекстин ченемдерине жана принциптерине каршы келбесе;

2) илимий жактан негизделсе;

3) иш боюнча өндүрүштүн натыйжалуулугун камсыз кылса;

4) жарандардын өмүрү, ден соолугу, мүлкү жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз болсо.

4. Өндүрүшүндө иш турган орган тарабынан илимий-техникалык каражаттарды колдонуу тиешелүү процессуалдык аракеттердин протоколдорунда жана соттук отурумдун протоколунда белгиленет, мында ушул илимий-техникалык каражаттар, аларды колдонуунун шарттары жана тартиби, ушул каражаттар колдонулган объекттер жана аларды колдонуунун жыйынтыктары көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-95)
