# 93-берене. Далилдерге баа берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 93-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-93

---

1. Ар бир далилге тиешелүүлүгүнө, жол берилгендигине, аныктыгына карата, ал эми бардык чогултулган далилдер жыйындысында – ишти чечүү үчүн жетиштүүлүгүнө карата баа берилет.

2. Тергөөчү, прокурор, сот арачылары, сот далилдерди жалпысынан калыс жана жетиштүү түрдө карап чыгууга негизделген өзүнүн ички ынанымы боюнча далилдерди баалайт, мында мыйзамды жана ыйманды жетекчиликке алат.

3. Эгерде ал иш үчүн мааниге ээ болгон жагдайлардын бар экендиги жөнүндө тыянактарды ырастаган, четке каккан же шек туудурган фактылар жөнүндө маалыматтарды камтыса, далил ишке таандык деп таанылат.

4. Далил ушул Кодекстин 80-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык алынса, жол берилген далил катары таанылат.

5. Эгерде изилдөөнүн натыйжасында далил чындыкка дал келгени аныкталса, ал анык деп таанылат.

6. Эгерде ишке тиешеси бар жеткиликтүү жана анык далилдердин бардыгы жыйналса, далилдердин жыйындысы ишти чечүү үчүн жетиштүү деп таанылат.

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-92)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-94)
