# 91-берене. Далилдерди чогултуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 91-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-91

---

1. Далилдерди чогултуу ушул Кодексте каралган процессуалдык аракеттерди жүргүзүү аркылуу кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө ишке ашырылат.

2. Өндүрүшүндө иш турган орган кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын өтүнүчү же өзүнүн демилгеси боюнча ушул Кодексте белгиленген процессуалдык аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу.

3. Коргоо тарабы, жабырлануучу, жабырлануучунун өкүлдөрү зарыл маалыматтарды төмөнкү жол менен алууга укуктуу:

1) уюмдардан маалымкаттарды, мүнөздөмөлөрдү, башка документтерди суратып алуу. Көрсөтүлгөн юридикалык жактар алар тарабынан суратылган документтерди же алардын ырасталган көчүрмөлөрүн 10 сутканын ичинде берүүгө милдеттүү;

2) келишимдик негизде сот экспертизасын жүргүзүүнү демилгелөө;

3) келишимдик негизде адисти тартуу;

4) ишке тиешеси бар маалыматтарды болжолдуу билген адамдарды алардын макулдугу менен сурамжылоо. Эгерде адвокат процессуалдык же тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн суракка алынган адамдын кылмыш-жаза процессин жүргүзүүчү органга келишин камсыз кылбаса, сурамжылоо жетишсиз деп таанылат жана ишке тиркелбейт;

5) тиешелүү жана жол берилген далилдерди чогултууга жана сотко берүүгө багытталган башка аракеттерди жасоо.

4. Оозеки, жазуу жүзүндөгү жана (же) электрондук формадагы маалыматтарды, ошондой эле ишке далил катары тиркөө үчүн буюмдарды жана документтерди шектүү, айыпталуучу материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адам, адвокат, жабырлануучу, ошондой эле каалаган жарандар жана уюмдар берүүгө укуктуу.

5. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынан жана башка адамдардан буюмдарды жана документтерди алуу өтүнүчтүн негизинде жүзөгө ашырылат жана ишке тиркелүүгө тийиш, бул жөнүндө токтом чыгарылат.

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-92)
