# 87-берене. Буюм далилдерин сактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2025 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам противодействия незаконному обороту наркотических средств, психотропных веществ, их аналогов и прекурсоров среди детей и молодежи"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023915)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=27330..28721>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 87-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-87

---

1. Буюм далилдери өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин же болбосо ишти кыскартуу жөнүндө токтомго же аныктамага даттануу мөөнөтү аяктаганга чейин иште сакталууга жана ушул беренеде каралган учурларды албаганда, иш менен бирге өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Буюм далили болуп саналган мүлккө укук жөнүндө талаш жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде чечилүүгө тийиш болгон учурда, буюм далили соттун чечими күчүнө киргенге чейин сакталат.

2. Төмөнкү түрдөгү буюм далилдери:

1) чоңдугунан же башка себептерден улам иште сакталышы мүмкүн болбогон буюмдар, анын ичинде аларды сактоо кыйынчылык туудурган же атайын шарттарды камсыз кылуу кыйынчылыкка турган же атайын шарттарды камсыз кылуу боюнча чыгымдар аларды сактоонун наркына теңдеш болгон товарлардын чоң партиясы:

а) фотосүрөткө же видеого тартылат, мүмкүн болушунча мөөрлөнүп бекитилет жана тергөөчүнүн чечими боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте сактоого өткөрүлүп берилет. Иштин материалдарына мындай буюм далилдеринин турган орду жөнүндө документ тиркелет, ошондой эле буюм далилинин салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү үлгүсү тиркелиши мүмкүн;

б) эгерде ал далилдөө үчүн зыяны жок болсо, мыйзамдуу ээсине кайтарылып берилет;

в) аларды ушул пунктун «а» жана «б» пунктчаларында каралган ыкмалар менен сактоону камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда, бааланып, ээсинин макулдугу менен же болбосо соттун чечими боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте сатуу үчүн берилет. Буюм далилдерин сатуудан түшкөн каражаттар ушул бөлүккө ылайык көрсөтүлгөн буюм далилдерин алып коюу жөнүндө чечим чыгарган органдын депозиттик эсебине ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөткө салынат. Иштин материалдарына буюм далилинин салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү үлгүсү тиркелиши мүмкүн;

2) аларды сактоо кыйынчылык туудурган же аларды сактоонун атайын шарттарын камсыз кылуу боюнча чыгымдар наркына тең келген товарлардын чоң партиялары ээсинин жооптуу сактоосуна берилиши мүмкүн;

3) тез бузулуучу товарлар жана продукциялар, ошондой эле сактоо кыйынчылык туудурган же аларды сактоонун атайын шарттарын камсыз кылуу боюнча чыгымдар товардын, продукциянын наркына өлчөмдөш, моралдык тез эскирүүгө дуушар болгон мүлктөр:

а) алардын ээлерине кайтарылып берилет;

б) кайтарып берүү мүмкүн болбогон учурда бааланып, ээсинин макулдугу менен же болбосо соттун чечими боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте сатуу үчүн берилет. Буюм далилдерин сатуудан түшкөн каражаттар ушул бөлүккө ылайык көрсөтүлгөн буюм далилдерин алып коюу жөнүндө чечим чыгарган органдын депозиттик эсебине ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөткө салынат. Иштин материалдарына салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү буюм далилдеринин үлгүсү тиркелиши мүмкүн;

в) эгерде мындай тез бузулуучу товарлар жана продукция жараксыз болуп калса, ээсинин макулдугу менен же соттун чечими боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жок кылынат. Бул учурда ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт;

4) мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган күчтүү таасир этүүчү заттардын, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлордун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организимдердин, же баңги каражаттарын же психотроптук заттарды же болбосо алардын прекурсорлорун камтыган алардын бөлүктөрүнүн, ошондой эле узакка сактоо адамдардын өмүрү жана ден соолугу же айлана-чөйрө үчүн коркунучтуу буюмдарга зарыл изилдөө жүргүзүлгөндөн кийин, аларды технологиялык кайра иштетүү үчүн өткөрүп берилет же соттун чечими боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жок кылынат, бул жөнүндө ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт. Иштин материалдарына салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү болгон, мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган күчтүү таасир этүүчү заттар, баңги каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору, ошондой эле аларды камтыган тирүү организимдердин бөлүктөрүнүн үлгүсү тиркелет;

5) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө табылган кылмыш жасоонун натыйжасында алынган акчалар, баалуулуктар жана башка мүлктөр жана ал мүлктөрдөн алынган кирешелер ушул Кодекстин 121-беренесинде белгиленген тартипте камакка алынууга жатат;

6) зарыл тергөө аракеттерин жүргүзгөндөн кийинки баалуулуктар:

а) ушул пункттун «б» пунктчасында каралган учурду кошпогондо, ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган мөөнөткө банкка же башка кредиттик уюмга сактоого өткөрүлүп берилет;

б) эгерде ал далилдөө үчүн зыяны жок болсо, мыйзамдуу ээсине кайтарылып берилет;

7) зарыл тергөө аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин акчалар фотосүрөткө же видеого тартылат, ал эми андан кийин:

а) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мыйзамдуу эсине кайтарылып берилет;

б) мыйзамдуу ээси болбосо же аныкталбаса же болбосо буюм далилдерин мыйзамдуу ээсине кайтарып берүү башка себептер боюнча мүмкүн болбогондо, алар көрсөтүлгөн буюм далилдерин алып коюу жөнүндө чечим чыгарган органдын финансы бөлүмүнө сактоого өткөрүп берилет же болбосо ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөткө банкка же башка кредиттик уюмга салынат же болбосо, эгерде акча купюрларынын жекече белгилерди далилдөө үчүн мааниси бар болсо, иште сакталат;

8) маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөр:

а) анда камтылган маалымат менен бөтөн адамдардын таанышуу мүмкүнчүлүгүн болтурбаган жана алардын сакталышын жана көрсөтүлгөн маалыматтын сакталышын камсыз кылуучу шарттарда мөөрлөп бекитилген түрдө сакталат;

б) эгерде бул далилдөө үчүн зыянсыз болсо, карап текшерилгенден жана башка зарыл тергөө аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин мыйзамдуу ээсине кайтарылып берилет.

3. Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө алып коюлган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдү тергөө аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин мыйзамдуу ээсине кайтарып бере албаган учурда, аларда камтылган маалымат алып коюлган электрондук алып жүрүүчүнүн мыйзамдуу ээсинин же андагы маалымат ээсинин өтүнүчү боюнча көчүрмөлөнөт. Көрсөтүлгөн маалыматты алып коюлган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдүн мыйзамдуу ээси же аларда камтылган маалыматтын ээси берген башка маалыматты электрондук алып жүрүүчүгө көчүрүү мыйзамдуу ээсинин же аларда камтылган маалыматтын ээсинин жана (же) алардын өкүлдөрүнүн жана адистин алгачкы текшерүү органында, тергөөдө же сотто катышуусу менен жүзөгө ашырылат. Маалыматты көчүрүүдө анын жок болуу же өзгөрүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу шарттар камсыз кылынууга тийиш. Эгерде бул кылмышты териштирүүгө тоскоолдук кылуусу мүмкүн болсо, маалыматты көчүрмөлөөгө жол берилбейт. Көчүрүлгөн маалыматты камтыган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөр алып коюлган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдүн мыйзамдуу ээсине же аларда камтылган маалыматтын ээсине берилет. Маалыматты көчүрүүнү жүзөгө ашыруу жөнүндө жана көчүрүлгөн маалыматты камтыган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдү алып коюлган маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдүн мыйзамдуу ээсине же анда камтылган маалыматтын ээсине берүү тууралуу ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт.

4. Буюм далилдерин, анын ичинде алардын өзүнчө категорияларын сактоонун, эсепке алуунун жана өткөрүп берүүнүн башка шарттары Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

5. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун «а» жана «б» пунктчаларында, 2-пунктунда, 3-пунктунун «а» пунктчасында, 5, 6 жана 7-пункттарында, 8-пунктунун «б» пунктчасында жана 3-бөлүгүндө каралган учурларда тергөөчү же судья токтом чыгарат.

6. Эгерде ээси мүлктү сатууга, керектен чыгарууга же жок кылууга макулдук бербесе, ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун «в» пунктчасында, 3-пунктунун «б» жана «в» пунктчаларында жана 4-пунктунда каралган учурларда тергөөчү прокурордун макулдугу менен сотко чейинки өндүрүштүн орду боюнча тергөө судьясынын алдында тиешелүү өтүнүч келтирет.

7. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, ишти бир тергөөчүдөн башкасына өткөрүп берүүдө, ошого тете кылмыш ишин прокурорго же сотко жиберүүдө же болбосо кылмыш ишин бир соттон башкасына өткөрүп берүүдө буюм далилдери кылмыш иши менен бирге өткөрүп берилет.

(КР 2025-жылдын 14-мартындагы № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-86)  
Кийинки берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-88)
