# 83-берене. Шектүүнүн, айыпталуучунун көрсөтмөлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 83-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-83

---

1. Шектүүнүн, айыпталуучунун көрсөтмөлөрү – кылмыш-жаза иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө же болбосо сотто жүргүзүлгөн суракта билдирилген маалыматтар.

2. Кылмышты жасоого шектүүнүн, айыпталуучунун өз күнөөсүн моюнга алышы иш боюнча далилдердин жыйындысында, анын күнөөлүү экени ырасталганда гана күнөөнүн негизине коюлушу мүмкүн.

3. Адамды күбө катары сурактын жүрүшүндө берген көрсөтмөлөрү анын өзүнө каршы далил катары таанылышы жана аны айыптоонун негизине коюлушу мүмкүн эмес.

4. Шектүү, айыпталуучу өзүнө каршы коюлган шектенүү жана коюлган айып боюнча, ошого тете иш боюнча мааниси бар өзүнө белгилүү болгон башка жагдайлар жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу.

5. Компетенттүү мамлекеттик органдарга купуя негизде көмөк көрсөтүүчү адам тарабынан түздөн-түз кабылданган жагдайлар жөнүндө маалыматтар анын макулдугу менен ошол адамды адвокаттын катышуусу менен шектүү, айыпталуучу катары сурактан кийин далил катары пайдаланылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-84)
