# 82-берене. Күбөнүн, жабырлануучунун көрсөтмөлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 82-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-82

---

1. Күбө ишке тиешелүү бардык жагдайлар, анын ичинде шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун инсандыгы жана өзүнүн алар жана башка күбөлөр менен болгон өз ара мамилелери жөнүндө суракка алынышы мүмкүн.

2. Жабырлануучу иш боюнча өндүрүштө далилденүүгө жаткан кандай болбосун жагдайлар, анын ичинде шектүү, айыпталуучу менен өзүнүн өз ара мамилелери жөнүндө суракка алынышы мүмкүн.

3. Купуя негизде компетенттүү мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүп жаткан адам тарабынан түздөн-түз кабыл алынган жагдайлар жөнүндө маалыматтар, аталган адамдын макулдугу менен, ал күбө катары суракка алынгандан кийин далилдер катары колдонулушу мүмкүн.

4. Кылмыштуу топко же болбосо уюшулган топко же болбосо кылмыштуу уюмга тымызын киргизилген адамга белгилүү болгон маалыматтар анын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ыкчам издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын кызмат адамынын сурагынан кийин далилдер катары, күбө катары пайдаланылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-81)  
Кийинки берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-83)
