# 81-берене. Иш боюнча далилденүүгө тийиш болгон жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 81-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-81

---

Өндүрүштүн жүрүшүндө кылмыш иши боюнча төмөнкүлөр далилденүүгө жатат:

1) кылмыш окуясы (жасалган кылмыштын убактысы, орду, ыкмасы жана башка жагдайлары, анын айынан келип чыккан зыяндуу кесепеттер);

2) жактын аракетти жасаганы же жасабаганы;

3) жактын кылмыш жасоого күнөөлүүлүгү же күнөөлүү эмеси, анын күнөөсүнүн формасы жана жүйөлөрү;

4) шектүүнүн, айыпталуучунун жоопкерчилик деңгээлине жана мүнөзүнө таасир этүүчү жагдайлар;

5) шектүүнүн, айыпталуучунун инсандыгын мүнөздөөчү жагдайлар;

6) кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын мүнөзү жана өлчөмү;

7) аракеттин (аракетсиздиктин) кылмыш-жаза укукка каршы экенин жокко чыгаруучу жагдайлар;

8) кылмыш жоопкерчилигинен, жазадан жана аны өтөөдөн бошотууга алып келүүчү жагдайлар;

9) конфискациялануучу мүлк Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жасоонун натыйжасында алынганын же ошол мүлктүн кирешеси болуп саналганын же кылмыштын куралы катары колдонулганын же колдонулаарын бышыктаган жагдайлар.

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-82)
