# 80-берене. Далилдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112606)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402) (күчүнө кире элек); 22.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112606)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=41934..41960>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 80-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-80

---

1. Мыйзамда белгиленген тартипте алынган, алардын негизинде тергөөчү, прокурор, сот иш үчүн мааниси бар жагдайлардын болгонун же болбогонун аныктоочу маалыматтар иш боюнча далилдер болуп саналат.

2. Далилдин булактары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрү;

2) эксперттин корутундусу жана көрсөтмөлөрү;

3) адистин көрсөтмөлөрү;

4) буюм далилдери;

5) атайын тергөөнүн, тергөө жана соттук аракеттердин протоколдору;

6) башка документтер.

3. Ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынган маалыматтар жол берилгис далилдер болуп саналат, юридикалык күчкө ээ болбойт жана иш боюнча чечимге негиз болушу мүмкүн эмес, ошондой эле ушул Кодекстин 81-беренесинде көрсөтүлгөн кандай болбосун жагдайларды далилдөө үчүн пайдаланылбайт.

4. Жол берилгис далилдерге төмөнкүлөр кирет:

1) адвокаттан баш тарткан (анын катышуусу менен жазуу жүзүндө) учурларды кошпогондо сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндөгү кылмыштуу жазалануучу жосундарды жасаганы жөнүндө шектүүнүн, айыпталуучунун адвокаты жок алынган көрсөтмөлөрү, бирок мында анын көрсөтмөлөрү сотто ырасталуусу тийиш;

2) сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кыйноолорду, зомбулукту, коркутууну, алдоону, ошого тете башка мыйзамсыз аракеттерди жана катаал мамилени колдонуу менен алынган күбөнүн, шектүүнүн, айыпталуучунун көрсөтмөлөрү;

3) жабырлануучунун, күбөнүн жоромолго, божомолго, айыңга негизделген көрсөтмөлөрү, ошондой эле күбөнүн өзүнүн маалымат булагын көрсөтө албаган көрсөтмөлөрү;

4) ушул Кодексте белгиленген тартипте сурак учурунда кылмыш иши үчүн мааниси бар жагдайларды туура кабылдоого же көрсөтүп берүүгө жөндөмсүз деп таанылган адамдын көрсөтмөлөрү;

5) шектүүнүн, жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтмөлөрү, эксперттин, адистин корутундусу, буюм далилдер, тергөө жана атайын тергөө аракеттеринин протоколдору жана башка документтер, эгерде алар кылмыш ишинин материалдарынын тизмесине кирбесе;

6) кылмыш иши боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырууга укугу жок адам тарабынан кандай болбосун процессуалдык аракеттерди жүргүзүүдө, ошондой эле четтетилүүгө жаткан адамдын катышуусунда алынган маалыматтар;

7) илимий билимдерге каршы келген ыкмаларды колдонуу менен алынган маалыматтар;

71) активдерди ыктыярдуу декларациялоо фактысы, ошондой эле декларант жөнүндө маалыматтар жана атайын декларацияда камтылган маалымат;

72) медиациялык маалыматтык жолугушууда же медиация өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар;

8) айыптоочу тараптын ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алган башка далилдер.

5. Тергөөчү, прокурор, сот далилдердин жол берилгистиги жөнүндө маселени чечип жатып, ар бир учурда жол берилген бузуу эмнеден айкын көрүнгөнүн тактоого жана жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл алууга милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 122, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-81)
