# 8-берене. Сот тарабынан гана сот адилеттигин жүзөгө ашыруу принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 8-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-8

---

1. Кыргыз Республикасында кылмыш иштери боюнча сот адилеттиги сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Ушул Кодексте каралган учурларда кылмыш-жаза сот өндүрүшү сот арачыларынын катышуусу менен жүзөгө ашырылат.

2. Соттун өкүмү болмоюнча эч ким кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылышы, ошондой эле кылмыш жазасына тартылышы мүмкүн эмес.

3. Соттун компетенциясы, анын юрисдикциясынын чектери, кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тартиби мыйзам менен аныкталат жана каалагандай өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Кылмыш иштерин кароо үчүн өзгөчө же атайын сотторду түзүүгө жол берилбейт. Өзгөчө соттордун, ошондой эле башка мыйзамсыз түзүлгөн соттордун өкүмдөрү жана башка чечимдери юридикалык күчкө ээ эмес жана аткарылууга жатпайт.

4. Соттун кылмыш иши боюнча өкүмү жана башка чечимдери ушул Кодексте каралган тартипте тиешелүү соттор тарабынан гана текшерилиши жана кайра каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-9)
