# 76-берене. Жабырлануучунун, күбөнүн, шектүүнүн, айыпталуучунун жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдардын коопсуздук чараларын көрүү милдети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 76-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-76

---

1. Эгерде иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу зомбулук же кылмыш-жаза мыйзамында тыюу салынган кылмыш аракетти (аракетсиздикти) жасоо коркунучу жөнүндө маалыматтар бар болсо, өндүрүшүндө кылмыш-жаза иши турган орган шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун, күбөнүн жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздугу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

2. Өндүрүшүндө иш турган орган ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын оозеки (жазуу жүзүндөгү) арыздарынын негизинде же өзүнүн демилгеси боюнча алардын коопсуздугуна чараларын көрөт, бул жөнүндө коопсуздук чараларын көрүү тууралуу токтом чыгарат.

3. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу адамдардын, алардын жакын туугандарынын, жубайынын алардын коопсуздук чараларын көрүү жөнүндө арыздарды өндүрүшүндө иш турган орган, 24 сааттан кечиктирбестен кароого тийиш. Арыз ээсине тиешелүү токтомдун көчүрмөсүн жөнөтүү менен ага кабыл алынган чечим жөнүндө билдирилет.

4. Арыздануучу анын коопсуздук чараларын көрүү жөнүндө өтүнүчү канааттандыруудан баш тартылганы боюнча прокурорго же сотко даттанууга укуктуу.

5. Коопсуздук чараларын көрүүдөн баш тартуу, эгерде мурда берилген арызда чагылдырылбаган жагдайлар келип чыкса, көрсөтүлгөн чараларды көрүү жөнүндө өтүнмө менен кайта кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-77)
