# 74-берене. Адвокаттын, жабырлануучунун өкүлдөрүнүн ишке катышуусун жокко чыгарган жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 74-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-74

---

1. Адвокат, ошондой эле жабырлануучунун өкүлү төмөнкү учурларда иш боюнча өндүрүшкө катышууга укуксуз:

1) эгерде алар мурун ишке судья, прокурор, тергөөчү, соттук отурумдун катчысы, күбө, эксперт, адис же котормочу катары катышса;

2) эгерде алар сотко чейинки өндүрүшкө же ушул ишти соттук кароого катышып жаткан, же болбосо катышкан судьянын, прокурордун, тергөөчүнүн, соттук отурумдун катчысынын жакын туугандары, жубайы болуп саналышса же болбосо алар менен юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу түзгөн процесстин катышуучусунун кызыкчылыгына каршы келген адамдын жакын туугандары, жубайы болуп саналышса;

3) эгерде алар шектүү, айыпталуучу балдардын же аракетке жөндөмсүз адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналган учурлардан тышкары, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын кызмат ордун ээлеп турушса;

4) эгерде алар өзү коргоп жаткан шектүүнүн, айыпталуучунун же өкүлү болгон жабырлануучунун кызыкчылыктарына каршы келген жакка юридикалык жардам көрсөтүп жатышса же мурда көрсөтүшсө.

2. Адвокатты, жабырлануучунун өкүлүн четтетүү жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-75)
