# 73-берене. Адисти жана ассистентти четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2024 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011471)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=21269..21274>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 73-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-73

---

1. Адис жана ассистент төмөнкү учурларда иш боюнча өндүрүшкө катыша албайт:

1) ушул Кодекстин 62-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо;

2) эгерде ал тергөөчүдөн, прокурордон, судьядан, шектүүдөн, айыпталуучудан, алардын адвокаттарынан, мыйзамдуу өкүлдөрүнөн, жабырлануучудан, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу үчүн жоопкерчиликтүү адамдар кызматтык же башка жактан көз карандылыкта турган болсо же турса.

2. Кылмыш-жаза иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө адисти жана ассистентти четтетүү жөнүндө чечимди тергөө судьясы, тергөөчү кабыл алат. Сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн чечимди ушул кылмыш ишин карап жаткан сот, же болбосо соттук арачылардын катышуусундагы сотто төрагалык кылуучу судья кабыл алат.

(КР 2024-жылдын 5-августундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-74)
