# 72-берене. Экспертти четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 72-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-72

---

1. Эксперт төмөнкү учурларда иш боюнча өндүрүшкө катыша албайт:

1) ушул Кодекстин 62-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо;

2) ал ушул иш боюнча эксперт катары кайра экспертиза жүргүзүүгө катышкан учурда;

3) эгерде ал тергөөчүдөн, прокурордон, судьядан, шектүүдөн, айыпталуучудан, алардын адвокаттарынан, мыйзамдуу өкүлдөрүнөн, жабырлануучудан, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу үчүн жоопкерчиликтүү адамдан кызматтык же башка көз карандылыкта турган болсо же турса;

4) эгерде ал ушул иш боюнча текшерүү жүргүзсө;

5) эгерде экспертизанын маселелери анын компетенциясына кирбесе;

6) эгерде ушул өндүрүштө адис катары катышса.

2. Эксперттин ушул иште өлүктү сыртынан кароодо соттук медицина жаатындагы адис катары катышуусу экспертти четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

3 Эксперттин окуя болгон жерди кароого катышуусу четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

4. Кылмыш-жаза иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө экспертти четтетүү жөнүндө чечимди тергөө судьясы, тергөөчү кабыл алат. Сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн чечимди ушул кылмыш-жаза ишин карап жаткан сот же болбосо сот арачыларынын катышуусундагы сотто төрагалык кылуучу судья кабыл алат.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-73)
