# 71-берене. Котормочуну четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 71-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-71

---

1. Котормочу ушул Кодекстин 62-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо, ага тете эле котормочунун компетентсиздиги аныкталган учурда иш боюнча өндүрүшкө катыша албайт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер болгондо, котормочуга шектүү, айыпталуучу, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, адвокат, айыптоочу, ошондой эле жабырлануучу же анын өкүлү тарабынан четтетүү билдирилиши мүмкүн.

3. Эгерде котормочунун компетентсиздиги аныкталса, ал көрсөтмөлөрүн которуп жаткан күбө тарабынан котормочуну четтетүү билдирилиши мүмкүн.

4. Кылмыш-жаза иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө котормочуну четтетүү жөнүндө чечимди тергөөчү кабыл алат. Соттук өндүрүштүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн чечимди ушул кылмыш-жаза ишин карап жаткан сот же сот арачыларынын катышуусундагы сотто төрагалык кылуучу судья кабыл алат.

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-70)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-72)
