# 69-берене. Тергөөчүнү четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 69-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-69

---

1. Тергөөчүнүн өзүн өзү четтетүүсү жана аны четтетүү жөнүндө маселе тергөө бөлүмүнүн жетекчиси же прокурор тарабынан чечилет.

2. Тергөөчүнү четтетүү жөнүндө билдирүү 24 сааттан кечиктирилбестен тергөө бөлүмүнүн жетекчисине же прокурорго жөнөтүлөт, алар билдирилген четтетүүнү 3 сутканын ичинде чечүүгө милдеттүү.

3. Тергөөчүнүн өзүн өзү четтетүүсү же аны четтетүү жөнүндө маселе чечилгенге чейин сотко чейинки өндүрүш токтотулуп турбайт.

4. Тергөөчүнү четтетүү жөнүндө өтүнүч канааттандыруудан баш тартылган учурда четтетүү билдирген жак ушул чечимге прокурорго же жогору турган прокурорго даттана алат.

5. Тергөө органынын жетекчисинин, тергөөчүнүн кылмыш-жаза иши боюнча сотко чейин териштирүүгө мурда катышканы аны четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-70)
