# 67-берене. Процесстин катышуучулары билдирген четтетүүнү чечүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 67-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-67

---

1. Судьяны, ошондой эле процесстин катышуучуларын четтетүү жөнүндө маселе сот тарабынан атайын бөлмөдө чечилет.

2. Коллегиянын курамындагы судьяга билдирилген четтетүү, четтетүү билдирилгендин катышуусуз калган судьялар тарабынан чечилет, ал калган судьяларга өзүнө билдирилген четтетүү боюнча өз түшүндүрмөсүн алдын ала ачык баяндап берүүгө укуктуу. Добуштар тең болгон учурда судья четтетилген болуп эсептелет.

3. Бир нече судьяга же соттун коллегиясынын бүтүндөй курамына билдирилген четтетүү сот тарабынан коллегиянын толук курамында көпчүлүк добуш менен чечилет.

4. Тергөө судьясына, ишти жеке карап жаткан судьяга билдирилген четтетүү ошол эле судья тарабынан токтом чыгаруу менен чечилет.

5. Эгерде бир эле мезгилде судьяга, прокурорго, адвокатка, өкүлгө, соттук отурумдун катчысына, котормочуга, экспертке, адиске четтетүү билдирилсе, судьяны четтетүү жөнүндө маселе биринчи кезекте чечилет.

6. Судья, прокурор, эксперт, адис, котормочу, адвокат, өкүл, соттук отурумдун катчысын четтетүү же четтетүүдөн баш тартуу жөнүндө соттун токтомуна, аныктамасына даттануу, сунуштама каралып жаткан иш боюнча соттун чечимине келтирилген апелляциялык даттануу же сунуштама менен бир убакта берилет.

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-68)
