# 66-берене. Четтетүү жөнүндө билдирүүнү канааттандыруунун кесепеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 66-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-66

---

1. Биринчи инстанциядагы сотто ишти карап жаткан тергөө судьясы, судья четтетилген учурда бул иш ошол эле сотто башка судья тарабынан каралат. Эгерде иш каралып жаткан сотто судьяны алмаштыруу мүмкүн болбосо, иш жогору турган сот аркылуу биринчи инстанциядагы башка сотко өткөрүлүп берилет.

2. Апелляциялык, кассациялык инстанциялардагы сотто ишти кароодо судьялар четтетилген учурда иш ошол эле сотто, бирок башка курамда каралат.

3. Эгерде четтетүүнү канааттандыруунун натыйжасында же ушул Кодекстин 65-беренесинде көрсөтүлгөн себептер боюнча апелляциялык сот инстанциясында ушул ишти ошол эле сотто кароо үчүн соттун жаңы курамын түзүү мүмкүн болбосо, иш жогору турган сот аркылуу ошол эле деңгээлдеги башка сотко өткөрүлүп берилиши керек.

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-65)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-67)
