# 65-берене. Судьяны четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 65-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-65

---

1. Ушул Кодекстин 62-64-беренелеринде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо тергөө судьясы, судья ишке катышуудан четтетилүүгө милдеттүү. Ошол эле негиздер боюнча тараптар судьяга четтетүү билдириши мүмкүн.

2. Четтетүү соттук кароо башталганга чейин, ал эми иш сот арачыларынын катышуусу менен каралган учурда – сот арачыларынын коллегиясы түзүлгөнгө чейин билдирилүүсү тийиш. Соттук отурумдун андан аркы жүрүшүндө четтетүү жөнүндө билдирүүгө, ал үчүн негиздер тарапка мурда белгилүү болбогон учурда гана жол берилет.

3. Мурда канааттандыруудан баш тартылган ошол эле негиздер боюнча судьяны четтетүү жөнүндө кайталап берилген билдирүү каралууга жатпайт.

4. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруудан негизсиз баш тартууга жол берилбейт.

5. Судьяны четтетүү жөнүндө негизсиз билдирүү канааттандырылууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-66)
