# 64-берене. Судьянын ишти кароого кайталап катышуусунун жол берилбестиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 64-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-64

---

1. Сотко чейинки өндүрүшкө катышкан тергөө судьясы ошол эле ишти биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы сотто маңызы боюнча кароого катыша албайт.

2. Биринчи инстанциядагы сотто кылмыш-жаза ишин кароого катышкан судья ошол эле ишти апелляциялык же кассациялык тартипте кароого, ошондой эле ал чыгарган кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө өкүм же токтом (аныктама) жокко чыгарылгандан кийин биринчи инстанциядагы сотто ошол эле ишти жаңыдан кароого катыша албайт.

3. Судья анын катышуусу менен чыгарылган соттун чечими жокко чыгарылган учурда, кылмыш-жаза ишин апелляциялык же кассациялык тартипте кароого кайталап катыша албайт.

4. Кылмыш-жаза ишин апелляциялык же кассациялык тартипте кароого катышкан судья, ошол эле ишти биринчи инстанциядагы сотто кароого катыша албайт.

5. Сот арачыларынын катышуусу менен ишти кароого катышкан судья, аны кассациялык тартипте кароого катыша албайт, ошондой эле кассациялык даттанууларды жана сунуштамаларды кароонун натыйжасында, сот арачысынын катышуусу менен чыгарылган соттун өкүмү жокко чыгарылгандан кийин иш жаңы кароого жиберилген учурда аны кароого катыша албайт.

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-65)
