# 62-берене. Иш боюнча өндүрүшкө катышууну жокко чыгаруучу жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2024 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011471)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=21269..21274>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 62-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-62

---

1. Тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, судья иш боюнча өндүрүшкө катыша алышпайт, эгерде алар:

1) жабырлануучу, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу үчүн жооптуу адам же ушул иш боюнча күбө болуп саналышса;

2) сот арачысы, тергөө судьясы, эксперт, адис, ассистент, котормочу, соттук отурумдун катчысы, адвокат, шектүүнүн, айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлү, жабырлануучунун өкүлү, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу үчүн жооптуу адамдын өкүлү катары катышса;

3) ушул иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын кимисинин болбосун жакын тууганы же жубайы болуп саналса.

2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар ушул кылмыш-жаза ишинин натыйжасына жеке, түз же кыйыр кызыкдар деп болжолдоого негиз берүүчү башка жагдайлар болгон учурларда, алар кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүшкө катыша алышпайт.

(КР 2024-жылдын 5-августундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-63)
