# 61-берене. Сот приставы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 61-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-61

---

1. Соттордун ишинин белгиленген тартибин камсыз кылуу боюнча мыйзам менен жүктөлгөн милдеттерди аткаруучу кызмат адамы сот приставы болуп саналат.

2. Сот приставы:

1) соттук отурумдун залында талаптагыдай тартипти камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жазаларды салат;

2) соттук отурумдун залында катышып отурган адамдар тарабынан тартиптин сакталышын көзөмөлдөйт;

3) соттук отурумда тартипти бузган адамдардын сот залынан чыгып кетүүсү жөнүндө төрагалык кылуучунун тескөөсүн аткарат;

4) төрагалык кылуучунун сот процессинин катышуучуларынын келүүсүн камсыз кылуу менен байланышкан тескөөлөрүн аткарат.

3. Сот приставынын ушул беренеде каралган милдеттерди аткаруу менен байланышкан талаптары соттук отурумдун залында катышып отурган бардык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-62)
