# 60-берене. Соттук отурумдун катчысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 60-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-60

---

1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө кызыкдар болбогон мамлекеттик кызматчы соттук отурумдун катчысы болуп саналат, ал соттук отурумдун протоколун жүргүзөт.

2. Соттук отурумдун катчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) протоколдоону камсыз кылуу зарыл болгон бардык убакта соттук отурумдун залында болууга жана төрагалык кылуучунун уруксаты жок соттук отурумунан кетпөөгө;

2) протоколдо соттун аракеттерин жана чечимдерин, соттук отурумуна катышуучу бардык адамдардын өтүнүчтөрүн, каршы пикирлерин, көрсөтмөлөрүн, түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле илимий-техникалык каражаттарды пайдалануу менен соттук отурумдун протоколунда чагылдырылуусу тийиш болгон башка жагдайларды толук жана туура баяндоого;

3) соттук отурумдун протоколун ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө түзүүгө;

4) төрагалык кылуучунун мыйзамдуу тескөөлөрүнө баш ийүүгө;

5) жабык соттук отурумуна катышуусу менен байланыштуу ага белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө маалыматтарды ачык жарыялабоого.

3. Соттук отурумдун протоколуна билип туруп туура эмес же чындыкка дал келбеген маалыматтар киргизилген учурда, ошондой эле соттук отурумдун протоколунун толук жана туура түзүлүшү үчүн соттук отурумдун катчысы мыйзамда каралган тартип жоопкерчилигин тартат.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-61)
