# 57-берене. Адис жана ассистент

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2024 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011471)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=21269..21274>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 57-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-57

---

1. Экспертизалардын суроолорун коюу үчүн предметтерди жана документтерди табууда, бекемдөөдө, алып коюуда, техникалык каражаттарды колдонууда көмөк көрсөтүү үчүн, ошондой эле тараптарга жана сотко өзүнүн кесиптик компетенциясына кирген маселелерди түшүндүрүү үчүн зарыл атайын билимге жана көндүмдөргө ээ, ишке кызыкдар эмес адам иш боюнча өндүрүшкө катышуу үчүн адис катары тартылышы мүмкүн.

Кылмыш-жаза процессинин көзү азиз катышуучусуна социалдык кызмат көрсөтүү жана иш боюнча өндүрүшкө катышуу үчүн ассистент катары социалдык кызматкерлердин, туугандарынын же башка адамдардын ичинен квалификациялуу социалдык жардам көрсөтүү, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө анын укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн зарыл Брайл шрифти боюнча көндүмдөргө жана билимдерге ээ болгон, ишке кызыкдар эмес адам тартылышы мүмкүн.

2. Адис жана ассистент төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзүн чакыртуунун максатын билүүгө;

2) эгерде тиешелүү атайын билимдерге жана көндүмдөргө ээ болбосо, иш боюнча өндүрүшкө катышуудан баш тартууга;

3) соттун, тергөөчүнүн, прокурордун уруксаты менен тергөө аракеттеринин катышуучуларына суроолорду берүүгө;

4) өзү катышып жаткан тергөө аракеттеринин протоколу менен таанышууга жана протоколго жазылуусу тийиш билдирүүлөрдү жана пикирлерди киргизүүгө;

5) тергөө судьясынын, судьянын, соттун, тергөөчүнүн, прокурордун чечимдерине аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга;

6) өзү аткарган иш үчүн сыйакы алууга, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө келтирилген чыгашалардын ордун толтуртууга;

7) салыштырма изилдөө үчүн зарыл объекттерди жана үлгүлөрдү алууга;

8) эгерде коюлган маселелер анын атайын билиминин чектеринен чыкса, изилдөө өндүрүшүнөн баш тартууга.

3. Адис жана ассистент төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) соттун, тергөөчүнүн, прокурордун чакыруусу боюнча келүүгө;

2) атайын билимдерди, көндүмдөрдү жана илимий-техникалык каражаттарды пайдалануу менен тергөө аракеттерин жүргүзүүгө жана соттук териштирүүгө катышууга;

3) өзү аткарган аракеттер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

4) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана соттук отурумдун убагында тартипти сактоого;

5) иштин жагдайлары жөнүндө маалыматтарды жана ишке катышуусуна байланыштуу ага белгилүү болуп калган башка маалыматтарды ачык жарыялабоого.

4. Адис жана ассистент өз милдеттерин аткаруудан жүйөлүү себептерсиз баш тартканда же качканда ага тартиптик жаза чарасы көрүлүшү мүмкүн.

(КР 2024-жылдын 5-августундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-58)
