# 546-берене. Кабыл алынган соттолгон адамдарга карата жазаны аткарууну уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-546>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-546.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 546-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-546

---

1. Соттолгон адамды Кыргыз Республикасында жаза өтөө үчүн кабыл алуу жөнүндө суроо-талап канааттандырылгандан кийин жана мындай өткөрүп берүүгө чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын макулдугу алынгандан кийин Башкы прокуратура бул адамды өткөрүп берүүнүн ордун, убактысын жана тартибин макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын жаза-аткаруу тутумунун мекемесине өткөрүп берүүнү уюштуруу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырма берет.

2. Кабыл алынган соттолгон адамдарга карата жазаны Кыргыз Республикасында аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Кабыл алынган соттолгон адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган тартипте шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу, мунапыс колдонулушу же ырайым кылуу жүзөгө ашырылышы, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары токтотулушу же өзгөртүлүшү мүмкүн.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н.Жапаров |
| --- | --- |
| 2021-жылдын 22-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |

---

Мурунку берене: [545-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-545)
