# 545-берене. Чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткарууга байланышкан маселелерди соттун чечүүсүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-545>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-545.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 545-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-545

---

1. Башкы прокурордун сунушун Жогорку сот соттолгон адамдын катышуусуз ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө, өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн соттук отурумда карайт.

2) соттолгон адамдын Кыргыз Республикасындагы акыркы жашаган жери, анын соттолгонго чейинки иштеген жери жана ишинин түрү жөнүндө маалыматтар;

3) жаран жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган кылмыштын квалификациясы жана ал кайсы кылмыш-жаза мыйзамынын негизинде соттолгондугу;

4) соттолгон адам жасаган кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамы;

5) соттолгон адам Кыргыз Республикасында өтөөгө тийиш болгон жазанын (негизги жана кошумча) түрү жана мөөнөтү, жаза башталган жана аяктаган мөөнөт, колониянын түрү, доо боюнча залалдын ордун толтуруунун тартиби.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча бул кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүнүн чеги өкүм боюнча дайындалган мөөнөттөн аз болсо, Жогорку сот бул аракетти жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган максималдуу мөөнөтүн аныктайт. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча жаза катары эркиндигинен ажыратуу каралбаса, Жогорку сот бул кылмыш үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген чектердеги жана чет мамлекеттин сотунун дайындаган өкүмүнө кыйла ылайык келген жазаны аныктайт.

Эгерде чет мамлекеттин сотунун өкүмүнүн бардыгы Кыргыз Республикасында кылмыш болуп саналбаган эки же бир нече аракетке тиешелүү болсо, анда сот чет мамлекеттин сотунун өкүмү боюнча дайындалган жазанын кайсы бөлүгү кылмыш болуп саналган аракеттерге карата колдонула тургандыгын аныктайт.

4. Жогорку соттун токтому ал чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет жана аткарууну камсыз кылуу үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

5. Чет мамлекеттин сотунун өкүмү жокко чыгарылган же өзгөртүү киргизилген же болбосо чет мамлекетте чыгарылган мунапыс же ырайым кылуу актысы колдонулган учурда, Кыргыз Республикасында жаза өтөп жаткан адамга карата кайра каралган өкүмдү аткаруунун, ошондой эле мунапысты же ырайым кылууну колдонуу маселелери ушул берененин эрежелери боюнча чечилет.

---

Мурунку берене: [544-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-544)  
Кийинки берене: [546-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-546)
