# 543-берене. Кыргыз Республикасынын жаранынын жазаны өтөөсү жөнүндө өтүнүчтү кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-543>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-543.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 543-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-543

---

1. Чет мамлекеттин соту эркиндигинен ажыратууга соттогон Кыргыз Республикасынын жараны же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткан жарандыгы жок адам, алардын мыйзамдуу өкүлү же жакын туугандары, жубайы, ошондой эле соттолгон адамдын макулдугу менен чет мамлекеттин компетенттүү органдары соттолгон адамдын жазаны Кыргыз Республикасында өтөөсү жөнүндө өтүнүч менен Башкы прокуратурага кайрыла алышат.

2. Башкы прокуратура соттолгон адамды жазаны андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү жөнүндө маселени карап чыгууга зарыл болгон документтерди чет мамлекеттин компетенттүү органдарынан суратууга укуктуу.

3. Башкы прокуратура чечим кабыл алуу үчүн сотко өтүнүч киргизет.

4. Өтүнүч канааттандырылган учурда Башкы прокурор же анын орун басарлары чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткаруу жөнүндө сунушту Жогорку сотко киргизет.

---

Мурунку берене: [542-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-542)  
Кийинки берене: [544-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-544)
