# 542-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды жазаны өтөө үчүн чет мамлекетке берүүдөн баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-542>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-542.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 542-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-542

---

Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды өзү жараны болуп саналган мамлекетте жазаны өтөө үчүн берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн:

1) эгерде адамдын соттолушуна негиз болгон жосун соттолгон адам жараны болуп саналган мамлекеттин мыйзамдары боюнча кылмыш деп таанылбаса;

2) эгерде мөөнөтү эскиргендигинен улам же тиешелүү мамлекеттин мыйзамдарында каралган башка негиз боюнча жазаны чет мамлекетте аткарууга мүмкүн болбосо;

3) эгерде соттолгон адамдан же чет мамлекеттен жарандык доого карата өкүмдү аткаруунун кепилдиктери алынбаса;

4) эгерде соттолгон адамды Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган шарттарда берүү жөнүндө макулдашууга жетишилбесе;

5) эгерде соттолгон адамдын Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жери бар болсо;

6) эгерде бул Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына залал келтириши мүмкүн болсо;

7) эгерде соттолгон адам айыкпас же оор дартка чалдыкса;

8) эгерде соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч алынган учурга карата эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүнүн өтө элек бөлүгү 6 айдан аз болсо;

9) эгерде чет мамлекеттин соту же компетенттүү органы Кыргыз Республикасынын сотунун өкүмүн тааныбаса же болбосо Кыргыз Республикасынын сотунун өкүмүн соттолгон адамдын жазаны чет мамлекеттин аймагында өтөөсүнүн тартибин жана шарттарын белгилебестен тааныса.

---

Мурунку берене: [541-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-541)  
Кийинки берене: [543-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-543)
