# 541-берене. Соттолгон адамды ал жараны болуп саналган мамлекетте жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүүнүн шарттары жана тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-541>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-541.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 541-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-541

---

1. Кыргыз Республикасында соттолгон адамды ал жараны болуп саналган мамлекетте жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүүгө аталган адам эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөп бүткөнгө чейин, соттолгон адамдын, анын мыйзамдуу өкүлүнүн же жакын туугандарынын, жубайынын өтүнүчү боюнча, ошондой эле соттолгон адамдын макулдугу менен тиешелүү мамлекеттин компетенттүү органынын өтүнүчү боюнча жол берилет.

Эгерде соттолгон адам жаш курагынан, дене-бойлук же психикалык абалынан улам өз эркин ыктыярдуу түрдө билдире албаса, аны өткөрүп берүү анын мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

2. Өткөрүп берүү өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана Башкы прокурордун же анын орун басарларынын чечими боюнча жүргүзүлөт, алар болуп өткөн өткөрүп берүү жөнүндө өкүм чыгарган сотко билдирет.

---

Мурунку берене: [540-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-540)  
Кийинки берене: [542-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-542)
