# 540-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды өткөрүп берүү менен байланышкан маселелерди соттун кароосунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-540>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-540.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 540-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-540

---

1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды ушул адам жараны болуп саналган мамлекетте жазасын өтөөсү үчүн өткөрүп берүү жөнүндө Башкы прокуратурасынын сунушун, буга тете соттолгон адамдын, анын өкүлүнүн, чет мамлекеттин компетенттүү органынын кайрылуусун сот ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө карайт.

2. Зарыл маалыматтардын толук эместигинен же жоктугунан улам соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө маселени соттун кароосу мүмкүн болбогон учурда судья аны кароону кийинкиге калтырууга жана жетпей жаткан маалыматтарды суроого же соттолгон адамдын кайрылуусун карабастан, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболоруна ылайык зарыл маалыматты чогултуу үчүн, ошондой эле соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө маселени чет мамлекеттин компетенттүү органы менен алдын ала макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын компетенттүү органына жөнөтүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [539-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-539)  
Кийинки берене: [541-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-541)
