# 54-берене. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034877)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=41934..41960>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 54-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-54

---

1. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери шектелген бала иш жүзүндө кармалган учурдан тартып же баланы биринчи суракка алган учурдан тартып ишке катышат.

2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) иштин материалдары менен таанышууга;

2) тергөө судьясынын, судьянын, соттун, прокурордун, тергөөчүнүн, жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлеринин чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттанууга жана аларды кароого катышууга.

3. Ишке катышкан учурдан тартып балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) баланын турмуштук кырдаалына баа берүүгө жана талдоо жүргүзүүгө, алардын жыйынтыгы боюнча корутунду түзүүгө;

2) баланын социалдык-психологиялык мүнөздөмөсүн түзүүгө;

3) анын корутундусуна негизделген, баланы социалдык, психологиялык, педагогикалык реабилитациялоо боюнча чараларды иштеп чыгууга;

4) бала катышуучусу болуп саналган же катышуучусу боло турган процессуалдык аракеттер жөнүндө бала үчүн түшүнүүгө жеткиликтүү формада баланын кабардар болуусун камсыз кылууга.

5) ушул Кодекстин 473-беренесинин негизинде, корутундуну жана баланын социалдык-психологиялык мүнөздөмөсүн эске алуу менен кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин алкагында аткарылуусу талап кылынган милдеттердин тизмесин түзүүгө жана аларды аткаруу мөөнөтү боюнча сунуш киргизүүгө.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерине ушул бөлүктө каралган милдеттерди аткаруусуна өз компетенциясынын алкагында көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери жабырлануучу балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын сотко чейинки өндүрүштө да, ошондой эле сотто дагы жактайт жана ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган укуктардан жана милдеттерден пайдаланат.

5. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан чогултулган материалдар анын өтүнүчү боюнча ишке кошо тиркелет.

6. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери баланы социалдык коштоону жүзөгө ашырат жана ички иштер органдары менен бирдикте кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелердин бала тарабынан аткарылышына контролдук жүргүзөт.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-55)
