# 535-берене. Өткөрүлүп берилген адамдарды транзиттик ташуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 60-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-535>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-535.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 535-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-535

---

1. Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде тиешелүү өтүнүч боюнча чет мамлекетке Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу кылмыш куугунтугу же өкүмдү аткаруу үчүн үчүнчү мамлекет тарабынан берилген адамды транзиттик ташууну жүзөгө ашырууга уруксат бере алат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу адамды транзиттик ташуу жөнүндө суроо-талап боюнча чечимди Башкы прокурор жана анын орун басарлары кабыл алат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик ташуу учурунда адамды камакта кармоо үчүн Башкы прокурордун же анын орун басарларынын транзиттик ташууга уруксаты жана адамды камакка алуу жөнүндө чет мамлекеттин сот же башка компетенттүү органынын чечими негиз болот.

4. Ушул Кодекстин 532-беренесинде каралган негиздер болгондо, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик ташууга уруксат берүүдөн баш тартылышы мүмкүн.

5. Транзиттик ташуу аба жолдору менен жүргүзүлгөндө, аны жүзөгө ашырууга уруксат Кыргыз Республикасынын аймагына аба кемеси орто-аралык конгондо гана талап кылынат. Мындай учурда адамды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик ташуу жөнүндө өтүнүч жалпы тартипте каралат.

---

Мурунку берене: [534-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-534)  
Кийинки берене: [536-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-536)
