# 531-берене. Адамды өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жөнүндө чечим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 60-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-531>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-531.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 531-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-531

---

1. Өткөрүп берүү жөнүндө чечим төмөндөгү учурларда кабыл алынышы мүмкүн:

1) эгерде кылмыш-жаза мыйзамы бул аракеттерди жасагандыгы үчүн бир жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны же адамды өткөрүп берүү кылмыш куугунтугу үчүн жүргүзүлгөн алда канча оор жазаны караса;

2) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жиберилген адам 6 айдан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же кыйла оор жазага соттолгон болсо;

3) суроо-талап жөнөткөн чет мамлекет ага карата өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүлгөн адам суроо-талапта көрсөтүлгөн кылмыш үчүн гана куугунтуктала тургандыгына жана соттук териштирүү аяктагандан жана жазаны өтөгөндөн кийин бул мамлекеттин аймагынан эркин чыгып кете аларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын макулдугусуз үчүнчү мамлекетке чыгарып салынбайт, берилбейт же өткөрүп берилбейт деп кепилдик бере алса.

---

Мурунку берене: [530-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-530)  
Кийинки берене: [532-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-532)
