# 530-берене. Чет мамлекеттин жаранын өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 60-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-530>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-530.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 530-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-530

---

1. Чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып жаткан же соттолгон чет мамлекеттин жаранын өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты Башкы прокурор же анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде карайт.

2. Өткөрүп берүү тууралуу суроо-талапты ага тиркелген материалдар менен окуп чыккандан кийин Башкы прокурор же анын орун басарлары чет мамлекеттин жаранын өткөрүп берүү (экстрадициялоо) же өткөрүп берүүдөн (экстрадициялоодон) баш тартуу жөнүндө чечимди токтом түрүндө кабыл алат. Адамды өткөрүп берүү жөнүндө бир нече мамлекеттин талаптары болгон учурда адам кайсы мамлекетке өткөрүп берилүүгө тийиш экенин Башкы прокурор же анын орун басарлары чечет.

---

Мурунку берене: [529-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-529)  
Кийинки берене: [531-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-531)
