# 527-берене. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кылмыш-жаза укугун бузган адамды кармоонун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 60-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-527>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-527.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 527-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-527

---

1. Чет мамлекетте кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдөгү адамды Кыргыз Республикасынын аймагында кармоо, ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган тартипте тергөөчү тарабынан жүргүзүлөт.

2. 48 сааттын ичинде кармалган адамдын инсандыгы, анын жарандык таандыгы, аныкталышы издөө демилгечисинен жасалган аракеттин жагдайлары тууралуу маалыматтар, ага ылайык кылмыш болуп эсептелген беренесинин тексти, аны камакка алуу жана издөө жарыялоо жөнүндө компетенттүү органдын чечими суратып алынышы керек.

3. Чет мамлекеттин компетенттүү органынын адамды камакка алуу жөнүндө өтүнүчү, өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жөнүндө талап билдирилгенге чейин почта, факс жана байланыштын башка түрлөрү менен берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [526-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-526)  
Кийинки берене: [528-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-528)
