# 526-берене. Камакта кармоонун мөөнөттөрүн эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 60-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-526>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-526.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 526-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-526

---

1. Бөгөт коюу чарасы катары камакта кармоо колдонулган, өткөрүп берилген (экстрадицияланган) адамга карата мөөнөттүн башталышы ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып эсептелет.

2. Кыргыз Республикасына берилүүчү адамды чет мамлекеттин аймагында кармоонун жана камакта кармоонун, ошондой эле аны этап кылуу убактысы жаза дайындоодо аны камакка алуунун жалпы мөөнөтүнө кошуп эсептелет.

3. Убактылуу өткөрүп берүү (экстрадиция) мезгилинде адамды Кыргыз Республикасынын аймагында камакта кармоо убактысы Кыргыз Республикасынын сотунун өкүмү боюнча дайындалган жазаны өтөө мөөнөтүнө эсептелбейт.

---

Мурунку берене: [525-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-525)  
Кийинки берене: [527-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-527)
