# 524-берене. Өткөрүп берилген жактын кылмыш жоопкерчилигинин чектери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 60-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-524>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-524.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 524-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-524

---

1. Чет мамлекет өткөрүп берген адам аны өткөрүп берген мамлекеттин макулдугусуз өткөрүп берүү менен байланышпаган башка кылмышы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы, жазалоого дуушарланышы, ошондой эле үчүнчү мамлекетке берилиши мүмкүн эмес.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн эрежелери адамды өткөрүп бергенден кийин ал кылмыш жасаган учурларга жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [523-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-523)  
Кийинки берене: [525-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-525)
