# 523-берене. Адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талаптын материалдарын даярдоо жана жиберүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 60-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-523>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-523.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 523-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-523

---

1. Ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурда жана тартипте издөөнүн демилгечиси Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган адамды берүүнү талап кылуу жөнүндө өтүнүч менен Башкы прокуратурага кайрылат.

2. Адамды өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч жазуу жүзүндө түзүлөт жана төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

1) кылмыш иши өндүрүшүндө турган органдын аталышы;

2) өтүнүч жиберилип жаткан адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын туулган датасы жана жери, жарандыгы, жашаган же турган жери;

3) санкцияны милдеттүү түрдө көрсөтүү менен жоопкерчилик каралган мыйзамдын текстин келтирип, жасалган кылмыштын иш жүзүндөгү жагдайларын баяндоо;

4) кылмыштын айынан келтирилген мүлктүк зыяндын өлчөмү;

5) мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм чыгарылган же айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом берилген жер жана убакыт жөнүндө маалыматтар;

6) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган башка маалыматтар.

3. Кылмыш куугунтугу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүчкө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом;

2) издөө жарыялоо жөнүндө токтом;

3) камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө судьянын токтомунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

4) эгерде адамды өткөрүп берүү өкүмдү аткаруу үчүн суралса, мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн ырасталган көчүрмөсү жана жазанын өтөлбөгөн мөөнөтү жөнүндө маалымкат;

5) тагылган кылмыш квалификациялануучу Кылмыш-жаза кодексинен көчүрмө;

6) өткөрүп берүүгө суралган адамдын жарандык таандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;

7) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган башка процессуалдык документтер.

4. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты жөнөтүү маселеси Башкы прокурор же анын орун басарлары тарабынан каралат.

---

Мурунку берене: [522-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-522)  
Кийинки берене: [524-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-524)
